рус кыр eng

Биз боюнча

Хельветас - Кыргызстандагы Швейцариялык эл аралык кызматташуу ассоциациясы

Хельветас - 1955-жылы негизделген Швейцариялык алгачкы өкмөттүк эмес өнүктүрүү уюму катары эсептелет. Азыркы күндө Хельветас 20 партнер өлкөлөрдө программа офистери жана өкүлчүлүктөрү, ошондой эле 40,000ден ашык мүчөсү бар көз карандысыз, өкмөттүк эмес уюм. Аталган уюм Азия, Африка жана Түштүк Америкадагы өлкөлөрдө элдин жашоо-шартын жакшыртуу максатында жигердүү иш алып барып келе жатат.

Кыргызстанда Хельветас 1994-жылы ноябрда Кыргыз Швейцар Айыл чарба Проектиси (КШАП) деп аталган агропроект аркылуу Кыргыз Айыл жана Суу чарба Министрлиги менен биргелешип Нарын облусунда Кочкор жана Жумгал райондорунда өз ишин баштаган. Бүгүнкү күндө Хельветас 5 проекти менен иш жүргүзүп келет:

  • АКП, Айылдык Кесипчилик билим берүү Проектиси жергиликтүү кожоюндук жана көп тараптуу каржылоого негизделген фермер кесибинин программасын иштеп чыгууга жана ишке ашыруу багытында кесиптик окуу жайларга көмөк көрсөтөт ;
  • Био-пахта Проектиси, Органикалык пахтаны өндүрүү жана сатыкка чыгаруу;
  • КШАП, Кыргыз-Швейцар Айыл чарба Прораммасы, бүтүндөй республика боюнча Айылдык Кещешчилик Кызматтарына (АКК) жана Кеңешчилик Усулдук Тренинг (КУТ) Сервисине көмөк көрсөтөт;
  • КНТКП, Коомчулукка негизделген туризмди колдоо проектиси, жергиликтүү коомчулукка улуттук туризмди өнүктүрүү боюнча көмөк көрсөтөт;
  • ИРӨП, Ички рынокту өнүктүрүүнүн проектиси кайра иштетүү иши жана соода ишин жүргүзүп жаткан компаниялар менен узак мөөнөттө кызматташуу аркылуу, жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн продуктуларынын тиешелүү түрдө базарга жайгаштырууcуна көмөк көрсөтөт.

Аталган проектилер социализмден базар экономикасына өтүү мезгилинде айыл элине көмөк көрсөтүү максатын көздөйт.

басма версиясы
© 2010 Хельветас Кыргызстан