рус кыр eng

Педагогика жана Дидактика боючна кызматкеринин ордуна конкурс

9.02.2010
 

Хельветас Кыргызстан элет жергесин өнүктүрүү тармагында 1994-жылдан бери иштеп келе жатат жана кесиптик билим берүү, айыл чарба, укуктук жардам жана туризмди өнүктүрүү боюнча ар кыл проектерди ишке ашырууда.

Анын ичинен кесипчилик билим берүү тармагында реформаларды жүргүзүп жана инновацияларды ишке ашырып келе жаткан Айыл Жерегсинде Кесиптик Билим берүү Программасы кеңейишине байланыштуу айтылган Программа компетентүү жана максатка умтулган Педагогика жана Дидактика боючна кызматкеринин ордуна конкурс жарыялайт.

 

Кызмат жери:

Ыссыккөл, Чүй жана Талас областары

 

Милдеттер:

  • Кесиптик окуу жайлардын мугалимдерин жана мониторинг боюнча адистерин методология жана практикалык дидактика боюнча окутуу жана көмөк көрсөтүү (коучинг);
  • Окуу пландарды, модулдарды жана окуу куралдарды иштеп чыгууда дидактика - педагогикалык колдоо көрсөтүү;
  • Студенттердин шакирттик практикалык окуусун ишке ашыруу программа-сын иштеп чыгууда салым кошуу жана көмөк көрсөтүү (коучинг);

 

Талаптар:

  • Социалдык илимдер боюнча жогорку билим;
  • Педагогика жана дидактика боюнча билим;
  • Окутууда практикалык тажрыйба (өзгөчөчө адамдарды);
  • Улуттук жана эларалык билим беръъ стандарттарын, окуу пландарды жана модулдарды иштеп чыгуу боюнча түшүнүк;
  • Кесипчилик билим берүү системасын билүү- артыкчылык;
  • Модулдарды иштеп чыгууда МОТ методологиясын билүү артыкчылык;
  • Кыргыз жана Орус тилдерин билүү (жазуу жана сүйлөө);
  • Англис тилин билүү - артыкчылык;
  • Компьютер шыктары (Microsoft Office: Word, Excel & Outlook Express);
  • Ыссыкөл регионунда жашоого даярдык;
  • Кыргызстандын ичинен көп кыдырууларга даярдык;
  • Күчтүү коммуникация жана фасилитация шыктары;
  • өз алдынча иштөө, концептуалдуу ой жүгүртүү менен пландаштыруу шыктары;
  • Жогорку деңгээлдеги жекече сапаттар жана командада иштөөнү билүү.

 

Тапшыруу дареги:

өзүңүздүн резюмеңизди жана кызыгууңузду түшүндүргөн катыңызды төмөнкү дареке жиберсеңиз болот:

STAR@helvetas.kg копиясы STAR-ADM@helvetas.kg

 

же почта аркылуу:    Бишкек ш, Гражданская к. 43-1; Гульзат Байызбекова;

                                Балыкчы ш, Комсомол к. 214, Айнагуль Сыдыканова;

Факс: (0312) 360673 или (03944) 30617 (конкурска деген белги менен)

 

Арыздарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү

19 февраль 2010-ж чейин (тандалган кандидаттар гана Балыкчыга маектешүүгө чакырылат)

 

басма версиясы
© 2010 Хельветас Кыргызстан