рус кыр eng

STAR

Айыл жергесинде кесиптик шыктарга үйрөтүү проектиси (СТАР - проекттин англис тилиндеги кыскартылган аталышы, б.а. Skills Training in rural AReas (STAR) 2008-жылга чейин Айылдык кесиптик билим берүү проекти - АКП ) айыл жергесине байланыштуу кесипчилик билим берүү системасын жаңы, базар экономикасынын шарттарына ылайыкташтырууда кыргыз өнөктөштөрүнө көмөк көрсөтүү максатында 2001-жылдын январь айынан тартып Нарын облусунда иштей баштаган.
Бүгүнкү күндө проект бүтүрүүчүлөрдүн айыл жергесин өнүктүрүүгө багытталган жеке ишкерликти ийгиликтүү жолдо алып баруусу үчүн талап кылынган билим менен шыктарга жана мамилеге үйрөтүүнү, анын натыйжасында эмгек базарында өз ордун табуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууну камсыздай тургандай, эффективдүү жана туруктуу негизде иштеп кетүүчү кесипчилик билим берүү системасын түзүүгө салым кошуу аркылуу айыл жергесинин жашоочуларынын квалификациялык шык-жөндөмдөрүн өстүрүүгө көмөктөшүп, жардам берүүдө. Проект төмөнкү эки компонентти иш жүзүнө ашырат:
• Айыл жергесинде айылчарбачылык кесиптик шыктарга үйрөтүү (А-СТАР);
• Айыл жергесинде туризмди өнүктүрүү боюнча мейманкана жана ресторан бизнесине тиешелүү кесиптик шыктарга үйрөтүү (Т-СТАР).

Тарыхый өбөлгөсү

Кыргызстанда базар экономикасынын шартында ийгиликтүү жолдо чарба жүргүзүүнү каалаган көптөгөн фермерлер өздөрүнө бөлүнүп берилген үлүш жерлерден жашоо-тиричиликке зарыл болгон каражаттарды табууда зор кыйынчылыктарга дуушар болууда. Айрыкча өсүп келе жаткан жаш фермерлер үчүн ишкер фермер катары ийгиликтүү түрдө иш алып баруу багытындагы жардамды камсыздай турган, тиешелүү окуу мүмкүнчүлүктөрү жетишсиз. Ушул себептен улам «Хельветас» 2001-жылы окуунун мазмуну боюнча да, окутууга жана окуп-үйрөнүүга карата мамилеси боюнча да айырмаланган таптакыр жаңыча билим жүзөгө ашыра баштаган. Экинчи фазасында (2006-жылдан тартып) проект «Кесиптик окутуунун жергиликтүү органы (КОЖО)» коомдук фонддору аркылуу кесиптик билим берүү системасына коомчулук тарабынан ээлик кылуу жана аны биргелешип каржылоо боюнча жаңы принципти (подходду) кошумча ишке киргизди.

Ошону менен бирге:

• АКПнын ишинде жетишилген ийгиликтерге,
• Кыргызстандын туризм секторунда (коомчулукка негизделген туризм жана Кыргызстанды туристтик өлкө катары өнүктүрүү тармагында) «Хельветастын» мурдатан берки аткарган иштерине жана
• Кыргыз Республикасынын "+лкөнүн +нүктүрүүнүн Комплекстүү негиздери" стратегиясында белгиленген приоритеттик чараларга, ошондой эле
• бул тармакта иш алып барган тиешелүү кызыккан тараптардан алынган ой-пикирлерге негиздеп, «Хельветас» 2008-жылы мейманкана жана ресторан жаатында тиешелүү кесиптик шыктарга үйрөтүү (Т-СТАР) боюнча проекттин жаңы компонентин ачуу демилгесин көтөрүп чыкты.

Проекттин принциби жана иш жүзүнө ашыруу

Проект айылдык жашоочуларга тиешелүү жана практикалык жолдо окутууга мүмкүнчүлүк бере тургандай негизде окутууну камсыз кылуучу өнөктөштөрдүн жергиликтүү шарттарына ылайыкташтырылган кесиптик билим берүүнүн жаңы формаларын (системасын) түзөт жана аны иш жүзүнө ашырат. Окуу пландары, окутуу жана окуп-үйрөнүү принциптери Кыргызстандын жашоо шарттарына жана чарбачылыгынын чыныгы муктаждыктарына негизделген да, окуучулардын, ата-энелердин, мугалимдердин, жергиликтүү жана мамлекеттик бийлик органдарынын, ошондой эле окутууну камсыз кылуучу өнөктөштөрдүн жана жеке менчик секторунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен биргеликте иштелип чыгарылган.
Айылчарбачылыкка байланышкан кесиптик шыктарга үйрөтүү (А-СТАР) багытында, проект учурда 1000 ден ашуун студенттерди окутуп жаткан жана эки түрдүү багыт боюнча үч жылдык курстун жана 16 айлык курстун 500 дөн ашык бүтүрүүчүлөрүн даярдап чыгарган Нарын, Ысыккөл, Чүй жана Талас облустарындагы окутууну камсыз кылуучу өнөктөштөр менен кызматташтыкта иш алып барат, аталган кесиптик окуужайлары өздөрүнүн материалдык-техникалык базасын жана табигый ресурстарын колдонуп иштешет. Проект 16 айлык "ишкер фермер" кесиптик курсун биргелешип каржылоо механизминин негизинде операциялык чыгымдарын жабууну камсыз кылган «Кесиптик окутуунун жергиликтүү органдары (КОЖО)» коомдук фонддору аркылуу финансылык туруктуулукка жетишүүгө аракеттерди жасап жатат. Андан тышкары, окуучулар өздөрүнүн иштери боюнча бизнес пландарды түзүп, аларды жүзөгө ашыруу үчүн микро-кредиттерди алышат, ошондой эле фермердик чарбада шакирттик практиканы өтүү мезгилинде дасыккан фермерлердин практикалык тажрыйбаларын өздөштүрүшөт.
Туризмди өнүктүрүү боюнча кесиптик шыктарга үйрөтүү (Т-СТАР) багытында, проект мейманкана кызматкерлерин жана Ысыккөлдө сезондук жумушка тартылган жумушсуз адамдарды окутуп, даярдоо үчүн кыска мөөнөттүк курстарды сунуштоо максатын көздөп, туруктуу негизде иштеп кете турган билим берүү механизмдерин ишке киргизүүгө көмөктөшөт. Окууга катышуучуларды мүмкүн болушунча реалдуу жана практикалык негизде окутуу максатында, окуулар түздөн-түз өнөктөш мейманкана-лардын базасында өткөрүлөт. Баштапкы фазасында Швейцарияда колдонулуп, бирок азыр Кыргызстандын жергиликтүү шарттарына ылайыкташтырылган адаптация курстары камтылган.

Проекттин максаттары:

Өз ишинде проект төмөнкү максаттарга көңүл буруунун негизинде иш алып барат:
1. Туруктуу негизде иштеп кете турган билим берүү механизмдерин ишке киргизүүгө көмөктөшүү
• билим берүүнүн жергиликтүү тарап аркылуу башкарылышына багытталган принциптин жана көп тараптуу каржылоонун негизинде айылчарбачылыкка байланышкан кесиптик шыктарды өнүктүрүү
• жумуш берүүчүлөрдүн ээлик кылуу укугун жакшыртууга көмөктөшүү жана биргелешип каржылоо аркылуу мейманкана жана ресторан бизнеси секторуна тиешелүү болгон кесиптик шыктарды өнүктүрүү
2. Кесиптик билим берүү жана окутуу системасын реформалоо боюнча лоббирлөө

Проекттин иш-аракеттери:

• Биргелешип жаңы инновацияларды иштеп чыгуу (кесиптик билим берүү системасы, шакирттик практика системасы, окуу пландары, модулдар);
• Окуу куралдарды иштеп чыгуу;
• Мугалимдерге предметтик жана методикалык багыттагы тренингдерди уюштуруу, иштөөсүнө багыт берип, машыктыруу (коучинг);
• Окутууну камсыз кылуучу өнөктөш кесиптик окуужайлар үчүн менеджменттик окууларды өткөрүү жана аларга колдоо көрсөтүү;
• Жергиликтүү коомчулукту мобилизациялоо жана алардын кесиптик билим берүүнү башкарууга катышуусун активдештирүү;
• Кесиптик окутуунун жергиликтүү органдарынын коомдук фонддорун түзүп жана алардын ишине көмөк көрсөтүү.

Өнөктөштөр:

 • Германиялык техникалык кызматташуу коому (ГТЦ);
• «Компаньон» микрокердиттик компаниясы;
• Кыргыз Республикасынын Кесиптик билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиги;
• Кыргыз Республикасынын Соода жана өнөржай палатасы;
• «Манас» Кыргыз-түрк университети;
• Нарын, Ыссыккөл, Чуй жана Талас облустарындагы окутууну камсыз кылуучу өнөктөш кесиптик окуужайлар;
• Цолликофендеги Швейцариялык айылчарба колледжи, Швейцария;
• Швейцариялык мейманканалар ассоциациясы;
• Швейцариядагы Айылчарбалык кесиптик билим берүү боюнча эларалык конференция: айылчарбалык кесиптик жана университеттик билим берүү боюнча дүйнөлүк масштабдагы семинар жана билимди жайылтуу тармагы;
• Ысыккөл, Чүй жана Талас облустарынын Кесиптик окутуунун жергиликтүү органдарынын (КОЖО) коомдук фонддору;
• Эларалык эмгек уюму (орусча кыскартылышы МОТ)

STAR жөнүндө кыскача маалымат

Мөөнөтү:

 

Пилоттук фазасы:

  • 2001 - 2002

I фаза:

  • 2003 - 2005

II фаза:

  • 2006 - 2008

III фаза:

  • 2009 - 2012

Финансылык каржылоосу:

~ жылына 500000 АКШ доллары

Донордук уюмдары:

«Хельветас» Швейцария;

ЛӨK  (Лихтенштейндин өнүктүрүү боюнча кызматы);

«Мисериор» Германиялык католик чиркөөсүнүн өнүгүү кызматы

Иш жүзүнө ашыруучу уюм:

Хельветас Кыргызстан

Бенефициарлар:

Айылчарбалык кесиптик окуужайлардын студенттери;

Туризм секторунда жумушка тартылган айылдык жашоочулар жана жумушсуздар;

Кесиптик окуужайлардын мугалимдери менен жетекчилери;

Кесиптик окутуунун жергиликтүү органдарынын коомдук фонддору

Биздин дарек:

STAR

Балыкчы шаары, Комсомольская көчөсү 214

Тел.: +996 (3944) 2 72 51, 2 72 50
Факс: +996 (3944) 2 72 51

Эл. почта: star@helvetas.kg

Хельветас

Бишкек шаары, Граждан көчөсү 43/1

Тел.: +996 (312) 36 06 72, 36 06 74

Факс: +996 (312) 36 06 73

Эл. почта: program@helvetas.kg

басма версиясы
© 2010 Хельветас Кыргызстан