БиопахтаБиопахта проектисинин максаты - органикалык пахта жана органикалык пахта продукция өндүрүшүн ошондой эле өндүрүлгөн товарды жергиликтүү жана эларалык рынокторго сатуу боюнча товардык чынжырды түзүүгө жана өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү. Проект Швейцариялык чекене соода компанияларынан сатып алуу гарантиясын алган жана анын негизинде өндүрүүчүлөр менен соодагерлерди вертикалдуу интеграция аркылуу бириктирет. Проект сооданы натыйжалуу жолдо уюштурууга көмөктөшүү үчүн негизинен түшүнүк берип маалымдоо, өндүрүшкө тиешелүү квалификациялык потенциалды өнүктүрүү менен агрономиялык жана рыноктук изилдөөлөрдү жүргүзүү багытында иштейт. ӨбөлгөсүОн эле жыл мурун пахта өндүрүү түштүк Кыргызстандын Ош жана Жалалабат областтарында ички дүң продукттун (ИДП) негизги бөлүгүн түзгөн. Советтер Союзу кулаган соң, 1992-жылдан тартып пахта өндүрүү аянты экономикалык себептерге байланыштуу 70%ке азайган. Аны менен бирге жашоо шарттары да кескин төмөндөп, жумушсуздук көбөйгөн. Бүгүнкү күндө пахта өндүрүшү өзүнүн баштапкы экономикалык ролун кайрадан ээлей баштады. Азыркы учурда пахта өндүрүш сектору Ош жана Жалалабат областтарында жашоочу жарым миллион калкты иш менен камсыздайт. Жалалабат областында бул тармак айылчарбалык ички дүң продукттун 9,5%ин түзөт. Кыргызстан өзүнүн 20 пахта заводу иштеп чыгарган 30000 тонна пахта буласын (жалпы өндүрүлгөн пахтанын 90%тен ашыгын) дүйнөлүк базарларга жөнөтөт. 2001-жылы Кыргызстан дүйнөлүк стандарттын талаптарына шайкеш келчүдөй кылып, пахта өндүрүшү боюнча өзүнүн стандарттык нормаларын кабыл алган. Калктын муктаждыктарына негиздеп багыт берүү Пахта өндүрүшү айлана-чөйрөгө, адамдын ден соолугуна зыян уулуу инсектициддерди жана пестициддерди интенсивдүү колдонуу менен коштолот. Советтер Союзу мезгилинде пахта өндүрүү тармагында колдонулган химиялык заттар Арал деңизинин экологиялык катастрофасынын бирден-бир себеби болуп калган. Бүгүнкү күндө региондо өндүрүлүп жана жашоочулар тарабынан көп керектелчү пахта майынын составында химиялык калдыктар өтө көп учурагандыктан, аны колдонгон элдин арасында ууланган учурлар да кездешти. Органикалык чарба өндүрүшү экономикалык жактан киреше табуу менен айлана-чөйрөнү таза сактоону тең салмакташтыруу (балансташтыруу) идеясына негизделген. Адатта, сертификациядан өткөн органикалык пахта продукциялары өзгөчө каналдар аркылуу жана кымбатыраак баа менен сатыла тургандыктан, органикалык пахтаны өндүрүү түштүктөгү элдин жашоо турмушун жакшыртуунун бир жолу да болуп эсептелет. БиоПахта проектиси өз ишинде Хельветас менен башка уюмдардын Малиде, Индияда, Танзанияда жана башка мамлекеттерде органикалык пахта өндүрүшү жана Европада сатууга көмөктөшүү тармактарында топтогон тажрыйбасына таянат. Бул тажрыйба көрсөткөндөй, органикалык чарбачылыкка өтүү региондогу рынок шарттарын оңдоого да, адамдын саламаттыгын сактоодогу жана айлана-чөйрөнү коргоодогу олуттуу проблемаларды чечүүгө да салымын кошот. ИшыкмасыБиоПахта проектиси негизинен органикалык пахта продукциясы үчүн туруктуу товардык чынжырды түзүүгө багытталган жана практикалык-прикладдык изилдөөнү, өндүрүшкө тиешелүү квалификациялык потенциалды өнүктүрүүнү жана продукцияны сатууда колдоо көрсөтүүнү приоритеттик тармактар катары эсептейт. Жергиликтүү же ички, регионалдык жана эларалык рынокторду ачып, өнүктүрүү түштүк региондогу элет калкынын жашоо деңгээлин көтөрүүдө эң зор мааниге ээ. Биопахта проектиси органикалык айылчарба өндүрүшүнүн төмөндөгү негизги принциптерин колдойт жана аларды иш жүзүндө колдонот:
Органикалык айылчарбачылык төмөндөгүлөрдү колдобойт:
Проекттин ишке ашырылуусуОрганикалык ыкмага чарба толугу менен өтүүсү талап болгондуктан, проект да, фермер да бирдей жоопкерчиликти мойнуна алат. Ошондуктан, эң негизги маселе фермерлерди туура тандоо, б.а. чарба шарттары органикалык айыл чарба жүргүзүүгө ыңгайлуу туура келген фермерлер. БиоПахта проектиси өзүнүн ишмердүүлүгүн 2003 ж. түшүшнүк берүү, өндүрүштүк потенциалды көтөрүү жана базар/агрономиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү багытында баштаган. 2004 ж. 38 пионер фермерлер алгачкы болуп органикалык өндүрүштү башташкан, ал эми биринчи органикалык сертификатталган 6 тонна пахта була түшүмү 2006 жылы алынып, Европа базарына экспортко чыгарылган. 2007 жылы Түштүк Кыргызстандагы биофермерлердин саны 700 жетип, алар чогуу 30 т. органикалык сертификатталган пахта буласын жана 130 т. өткөөл мезгил пахта буласын өндүрүштү. 2008 ж БиоПахта проектиси Шамалдысай району жана Ош облусуна жайылтуу б-ча интенсивдүү кампанияны пландаштырууда. Органикалык өндүрүштүн жаүы лого жана брэнди, профессиналдуу жасалган теле жана радио роликтер жана интенсивдүү маркетинг кампаниялар аркылуу Кыргызстандагы органикалык өндүрүш үчүн жаүы фермерлердин санын көбөйтүү пландаштырылган. Проект 2чи фазасында жергилүктүү уюмдарда түзүүгө багыт алат. "Био Сервис" Коомдук Фонду 2007 ж. сентябр айында мамлекеттик каттодон өтүп, проекттин негизги көмөк көрсөтүү функцияларын өзүнө алды, мисалы, кеүеш берүү/окутуу, ички көзөмөл системасы жана сертификация, пахтаны заводко жеткизүү жана кайра иштетүүгө көмөк көрсөтүү ж.б. "Био Фермер" Коомдук бирикмеси 2008 ж. январь айында мамлекеттик каттоодон өттү. Бирикменин башкы ишаракеттери фермерлердин кызыкчылыктарын көрсөтүү, Кыргызстанда органикалык өндүрүштү жайылтуу жана Фейртрейд сертификациясына жетишүү. Био фермерлер бирикмеси, Био Сервис фонду жана БиоПахта проектиси биригип, күчүн Кыргызстандагы органикалык өндүрүштүн чоү потенциалын өнүктүрүү үчүн мобилизациялоого жумшайт. Проекттин структурасыБиоПахта проектиси Жалалабат шаарында жайгашкан. Проект Көзөмөлдөө кеңеши тарабынан башкарылып, көзөмөлдөнөт. Бул Кеңеш органикалык пахтаны өстүргөн фермерлерден, Кыргыз Республикасынын Тышкы соода, өнөр жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлиги, Швейцариянын экономикалык иштер боюнча мамлекеттик секретариаты (SECO), Нидерланддык өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен кызматташуу институту (HIVOS) жана Хельветас Швейцариялык эларалык кызматташуу ассоциациясы жана сатып алуучунун өкүлдөрүнөн турат. Жетишилген натыйжалар боюнча отчет түздөн-түз Хельветас Кыргызстандын Бишкектеги офисине берилет. ОнөктөштөрүБиоПахта проектиси жергиликтүү, мамлекеттик жана эларалык деңгээлде кызматташуу боюнча өз өнөктөштөрү менен биргелешип иш алып барат. Проекттин негизги өнөктөштөрү - Кыргыз Республикасынын Тышкы соода, өнөржай жана Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрликтери. Областтык деңгээлде проекттин негизгинен био лаборатория, пахта тазалочу завод жана үрөөн чарбачылыктар менен кызматташат. Ошондой эле проект эларалык деңгелде соодагерлер жана эларалык сертификациялоо агенствосу менен тыгыз байланышта иштейт. Биопахта проектиси жөнүндө кыскача маалымат
Биздин дарек:Хельветас Бишкек шаары, 43/1 Граждан көчөсү, Тел: +996 (312) 36 06 72, 36 06 74 Факс: (312) 36 06 73 Эл. почта: program@helvetas.kg БиоПахта Жалалабат шаары, Жамашова көч. 14 Б Тел/Факс: +996 (3722) 5 52 79 Эл.почта: BioCotton@helvetas.kg
Кеңири маалыматты төмөндөгү интернет дарегинен ала аласыздар: www.helvetas.kg
|
басма версиясы
|