КНТКоомчулукка негизделген туризмди (КНТ) өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү проекти туризм тармагында алектенген айылдык ишкерлерге маркетинг боюнча колдоо көрсөтүүнү жана бизнести баштоо, ошондой эле ал ишти келечекте өнүктүрүү этаптарында аларды окутуп-үйрөтүүнү камсыз кылуу үчүн иштейт. Проект Кыргызстандын айыл жергесиндеги коомчулукка негизделген туризм багытында иш алып барган 10 ӨЭУ менен «Шеперд'с лайф» (Чабандын жашоо турмушу) аттуу ӨЭУнун башын бириктирген «Хоспитэлити Кыргызстан» (Меймандос Кыргызстан) аттуу Кыргызстандык коомчулукка негизделген туризм ассоциациясына (орусча акроними КАТОС) колдоо көрсөтөт. Тарыхый өбөлгөсү I фазасы: 1995-1997 II фазасы: 1997-1999 Базалык бизнес боюнча окутуу менен катар эле келечекте бизнес пландын негизинде кредит берүү. III фазасы: Туризм тармагында алектенген кызмат көрсөтүүчүлөрдү (сервис провайдерлерди) окутуу жана аларга кеңеш берүү IV фазасы: Проект өз ишин өлкөнүн чар тарабындагы 10 КНТ топторунун арасында алып барган. Өзүнүн узак-мөөнөттүк туруктуулукка ээ болуп, иштеп кете ала турган бүткүл республикалык масштабдагы КАТОС бирикмесин түзүү деген алгачкы максаты ишке ашып, 2003-жылдын январында «Хоспитэлити Кыргызстан» КАТОС каттоодон өткөндөн кийин, проект КНТга колдоо көрсөтүү проекти (КНТКП) катары аталышын өзгөрткөн. КАТОС проекттин бардык жоопкерчиликтерин өз мойнуна өткөрүп алган. КНТга колдоо көрсөтүү проекти КАТОСко финансылык колдоону камсыз кылууну улантууда жана ал КАТОСтун жетектөөчү жана администрациялык органына мүчө катары катышат. Айылдык калктын муктаждыктарына багытталгандык
Инфраструктуранын начарлашына байланыштуу жана базарларга чыгуунун жетишсиздигинен улам, КНТга колдоо көрсөтүү проекти «Хоспитэлити Кыргызстан» КАТОСко алгач маркетингди жана туризмди өнүктүрүү багытында квалификациялык потенциалды түзүү үчүн инвестициялык салым кошуу аркылуу колдоо көрсөтөт. Түзүлгөн туристтик уюмдардын ишин күчтөндүрүүгө жана аларга институционалдык жана организациялык маселелер боюнча жардам берүүгө өзгөчө басым жасалат.
«Хоспитэлити Кыргызстан» аттуу Кыргызстандык коомчулукка негизделген туризм ассоциациясыКыргызстандык коомчулукка негизделген туризм ассоциациясы (КАТОС) - Кыргызстандын айыл жергесинде жашап, коомчулукка негизделген туризм тармагында алектенген ишкерлердин мүчөлүгүнө негизделген бирикме. КАТОС Нарын, Ысыккөл, Талас, Ош жана Жалалабат областтарынын жергиликтүү КНТ топторун ичине камтыйт.
КАТОС
Коомчулукка негизделген туризмди туристтик бизнестин негизги тармактык системасына киргизип бириктирүүнү көздөйт Ассоциация өзүнө мүчө болгон уюмдарга окууларды уюштуруу, маркетингдик жана организациялык өнүгүү багытында колдоо көрсөтөт, ошондой эле мамлекеттик деңгээлде концепцияны иштеп чыгуу жана туристтик бизнести негизги багытка айландыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү процессинде өзүнүн мүчө-уюмдарынын кызыкчылыгын коргойт. Проекттин мөөнөтү (IV фаза): 2006-2008 Финансылык каржылоосу: жылына 19 000 АКШ доллары (болжол менен) Донордук жана жүзөгө ашыруучу уюм: Швейцариялык "Хельветас" программасы Биз менен кандай байланышууга болот:
Бишкектеги офис: Бишкек, Гражданская көч., 43/1 Тел.: +996 (312) 36 06 72, 36 06 74 Факс: +996 (312) 36 06 73
Эл. почта: program@helvetas.kg Кошумча маалыматтарды төмөндөгү интернет баракчадан алсаңыздар болот: |
басма версиясы
|