рус кыр eng

КШАП

Кыргызстан өткөөл мезгилде

Айыл чарба сектору Кыргызстандын жалпы экономика сектору сыяктуу эле терең өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Ири коллективдештирилген чарбалар миңдеген ар кыл майда чарбаларга айланды. Учурда айыл чарба материалдарына жете албаган, ал багыттагы билими жана сатуу мүмкүнчүлүгү жетишсиз көптөгөн фермердик үй-бүлөлөр өздөрүнүн менчик чарбаларынын эсебинен жан сактоого мажбур. Кантсе да, фермердик, б.а. айыл чарба өндүрүшү боюнча тиешелүү чечим кабыл алууну биле турган ишкердик - Кыргызстанда жаңы кесип.

Швейцариялык өнүгүү жана кызматташтык башкармачылыгы өзүнүн «Табигый ресурстарды жана инфраструктураны башкаруу» боюнча өткөөл мезгилде Борбордук Азия өлкөлөрүнө колдоо көрсөтүү боюнча каржылоо чечиминде каралгандай, «Табигый ресурстарды натыйжалуу жана туруктуу пайдалануу ошондой эле экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн негизи болгон ишенимдүү, тийиштүү инфраструктураны түзүүнү» көздөйт.

Швейцариянын акыркы бир нече жылдын ичинде Кыргызстандын айыл чарба секторуна негизинен Кыргыз- швейцар айылчарба проектисинин рамкасында кошкон зор салымы эң баалуу тажрыйба топтоого мүмкүндүк берди.

Ал тажрыйба Хельветас, Кыргыз-швейцар айылчарба программасынын V фазасы учурунда колдонуу үчүн да баа жеткис.

Кыргыз- швейцар айылчарба программасынын (КШАП VII) максаттары

Программанын узак-мөөнөттүк максаты - «Кыргызстандагы айыл калкынын жашоо турмушун жакшыртууда жана жакырчылыкты жоюуда айыл чарбачылык кеңешчилик кызматтары аркылуу салым кошуу». Программанын кыска-мөөнөттүк максаты төмөнкүдөй аныкталган: «КШАПтын колдоосу менен, натыйжалуу, децентрализацияланган, суроо-талапка негизделген, фермердик кеңештер тарабынан жетектелген айыл чарбачылык кеңешчилик кызматтары иштөөдө».

Айылдык кеңеш кызматы (АКК)

1999-жылдан тартып, КШАПтын колдоосу менен Кыргызстанда жаңы, жарым- автономиялык Айылдык кеңеш кызматы (АКК) түзүлдү. АКК бардык жети областта уюшулган жана фермерлер тарабынан жетектелет.

АКК - Айыл чарбалык кошумча кызматтарын колдоо проектисинин беш компонентинин бири, ал Кыргыз республикасынын өкмөтү тарабынан Дүйнөлүк банк аркылуу алынган Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фондусунун кредиттик каражатынын эсебинен каржыланат.

АКК фермерлер кызыккан темалар боюнча окуу уюштуруу, адаптивдик изилдөө, топ түзүү, топ жана жекече кеңеш берүү, көргөзмө жана кампаниялар сыяктуу иш-аракеттерди калкка сунуш кылат.

АКК кеңешчилери, кызыккан жеке фермерлер же фермерлердин тобу жана ишке тартылган эксперттер менен бирдикте, жердин асылдуулугун, малды асыл тукумдаштыруу, маркетинг, кайра иштетүү жана айыл жериндеги жакырлардын спецификалык проблемаларын ичине камтыган чарбачылык өндүрүштөгү «иштеп кете турган» практикалык чечүү жолдорун издешет.

КШАП бүткүл республикалык АККга колдоо көрсөтөт

КШАП өзүнүн V фазасында IV фаза убагында жетишилген прогрессти, атап айтканда, Кыргызстандагы Айылдык Кеңеш Кызматын техникалык жардам жана биргелешип каржылоо аркылуу колдоону улантат жана бүткүл өлкөгө жайылтат. Негизги аракеттер децентрализацияланган мамилеге - фермерлер ээлик кылган айылдык кеңешчилик кызматтарына жана жаңы структурага - фермерлер тарабынан жетектелип, көзөмөлдөнгөн фермердик кеңештерге бурулат.

КШАПтын жаңы компоненти АКК алкагындагы инновацияларды өнүктүрүүнү жакшыртат. Айылдыктардын жашоо шарттарын жакшыртуу жана чакан чарбалардын ээлеринин айылчарба өндүрүшүн күчтөндүрүү үчүн жогорку потенциалга ээ богон чакан инвестициялык товарлар ойлонуп чыгылат да, АККнын түрткүсү аркылуу жергиликтүү базарларга сатууга чыгарылат.

АККны колдоодон тышкаркы иш-аракеттер

VII фазада КШАП Айылдык кеңеш кызматына кошумча эки спецификалык проектти каржылоосун улантат.

Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин алкагындагы Айыл чарба саясатын колдоо проекти (АСКП) айылчарба саясатты формулировкалоо жана аны иш жүзүнө ашыруу боюнча колдоо көрсөтөт. Биргелешип иштелип чыккан жана официалдуу түрдө бекитилген Кыргыз республикасынын 2010-ж. чейинки агрардык саясатынын концепциясы - АСКПнын зор жетишкендиги болуп калды. АККнын өкмөт үчүн маанилүүлүгүн жана АСЧж-аКИМдин айылдык кеңешчилик кызматтарына ишеним көрсөтүүсүн арттырат.

КШАПтын демилгеси менен түзүлгөн жаңы акционердик уюм, Борбордук Азиялык асыл тукум сервиси жоопкерчилиги чектелген коому фермерлердин жогорку сапаттагы малды асылдандыруу генетикалык материалдарына жетүүсүн жакшыртуу боюнча жардам көрсөтөт. Ал жогорку сапаттагы урукту импорттойт, айылдык жасалма жол менен уруктандыруу пункттарын иштетет жана малды асыл тукумдаштыруу боюнча көптөгөн ар кыл кызматтарды сунуш кылат.

КШАП жөнүндө кыскача:

Донорлук уюм:

Швейцариялык өнүгүү жана кызматташтык башкармачылыгы (ШӨКБ), Швейцария

Дүйнөлүк Банк

Программаны аткаруучу уюм:

Хельветас Кыргызстан

Программа мөөнөтү (VII фаза):

2007-2010

Финансылык каржылоо:

1.3 млн. АКШ доллары

Бенефициарийлер:

Нарын, Ысыккөл, Жалалабат, Чүй, Баткен, Ош жана Талас областтарынын фермер үй-бүлөлөрү

Биз менен байланышкыла:

КШАП республикалык денгээлдеги офиси:

Бишкек, Гражданская к. 43 -1, (2-этаж)

Тел: +996 (312) 36 55 71; 36 55 65; Факс: +996 (312) 36 55 72

Эл. почта: ksap@helvetas.kg; ksapadm@helvetas.kg

Б.а.: Элизабет Катц

басма версиясы
© 2010 Хельветас Кыргызстан