рус кыр eng

СЭП

«Сууну Эффективдүү Пайдалануу» Хельветас Долбоору

 

Сууну Эффективдүү Пайдалануу Долбоору кыргызча «СЭП» деп аталат. Кыргыз тилинде бул сөздун эки мааниси бар, жана бул эки маанисин тең сууну эффективдүү башкаруу долбооруна байланыштырса болот: «СЭП»тин биринчи мааниси (кыргыз тилинде туура жазылышы СЕП болот) - «сууну чачкандагысы», ал эми экинчи мааниси - бул жаңы келинге бериле турган сеп (каражаттарды туруктуу башкарууну келиндин себине окшоштурулган, сапаттуу, бекем жана узак убакытка чыдаган никеге окшош).  

СЭП долбоорунун максаты айыл-чарбанын өндүрүшүн ыңгайлуу жолу менен жетиш үчүн көп учурда аздык кылып жаткан сууну башкаруу потенциалын дыйкандар арасында жакшыртуу иштерин жүргүзүү болуп эсептелет.

 

Кириш Сөз

Суу Кыргызстан үчүн эң башкы ресурс болуп эсептелет, өзгөчө айыл-чарба өндүрүшүндө аябай чоң мааниси бар, жана айыл тургундардын жашоосу менен жана жакырчылыкты жойуу чаралары менен түз байланышы бар. Бүгүнкү күндө өлкөнүн көп жерлеринде аябай чоң суу жетишсиздик байкалып турат. Ушул себептен суу ресурстарын башкаруу иштерин жакшыртуу үчүн көп деген чаралар жана долбоорлор жүргүзүлгөн, жана алардын көпчулугу суу менен камсыз кылууга жана аны колдонуучулары ар топторго бөлүнгөн жер жерлерине таркатып берүүгө багытталган, жана ошондой эле суу инфраструктурасын оңдоо жана суу пайдалануучулардын Ассоциацияларын (СПА) уюштуруу иштерин да жургузушту. Бирок дагы бир кемчилик каралбай жатат, бул деген дыйкандар өздөрүнүн айыл-чарба жана талаа денгелинде суу ресурстары менен ылайыктуу башкаруусу болуп эсептелет.

Ушул кемчиликти жойуу үчүн талаа денгелинде сууну пайдалануу иштерин жакшыртуу максаты менен СЭП (кыргызча «сууну эффективдүү пайдалануу») деп аталган долбоорун Хельветас ишке ашырып жатат.

 

Долбоордун максаты жана маселеси

Долбоордун максаты - бул талаадагы сугат жана сууну топтоо иштеринин алдынкы методторун колдонуу үчүн дыйкандардын билимин өнүктүрүү жана алардын жөндөмдүүлүктөрүн жакшыртуу болуп эсептелет, жана ушул иш аркылуу аздык болуп жаткан суу ресурстары менен эффективдүрөөк башкарууга дыйкандарга мүмкүнчүлүк берилет. Абайлап сууну пайдалануу дагы көбүрөөк түшүм алганга, топурактын эрөзиясын азайтып топурактnын сапаттуулугунун начарлоосуна каршы иштерин алып келет.

Ошентип, долбоор ишке ашырылып жаткан жерлердеги табигый ресурстарын туруктуураак башкарууга ушул долбоор өз салымын кошо алат; жогорку жана туруктуу түшүм болот; суу менен камсыз кылуу мезгилинде ызычуулардын болушун азайтат жана айылдагылардын жашоо шартын жакшыртат.

  

Долбоордун стратегиясы жана кийлигишуу ыкмалары

Түзүнөн дыйкандар менен байланышып турган партнер уюмдар менен бирге иштешүү аркылуу СЭП долбоору өз максатына жетип жатат. Бул партнер уюмдарга окутуу мекемелери, суу пайдалануучулардын Ассоциациялары жана айыл жергесинде суу ресурстарын башкаруу чөйрөсүндө иштеген жеке уюмдар да кирет. Азыркы аракеттерди аткарып жаткан мекемелердин иштеттерине ушул долбоордун жардамы менен дагы кошумча баалуу аракеттер кошулат (окутуу потенциалы, бизнес кызматтары). Сугат жана кайрак жердеги дыйканчылык боюнча суроолорду чечуу үчүн ылайыкташтырылган жана муктаждыктарга негизделген кызмат менен камсыздап келген партнер мекемелердин потенциалын кучтондурууго долбоор жардам берет.

Дыйкандар менен болгон тыгыз жана узак мөөнөттүү иштердин негизинде билимге жана тажрыйбага (ноу-хау), маалыматка жана суу ресурстарын башкаруу үчүн керектелген жабдуулар менен таанышуу мүмкүнчүлүктөрүн көрүп партнер мекемелер өз муктаждыктарын жана өздөрүнүн клиенттеринин муктаждыгын көрүп баа бере алышат да, окутуу боюнча же соода өнүктүрүү боюнча өздорунун долбоордук сунуштарын беришет. Алдын ала иштетилип чыккан критериялардын негизинде ошол долбоордук сунуштарды СЭП долбоору карап чыгат, жана тандалган долбоордук партнерлорго колдоо көрсөтүлөт. Грантты алуу аракеттерине катышуу үчүн тендер жарым жылдык убакыт аралыгында бир жолудан жарыяланат, б.а. жазында күзгү өсүмдүктөр боюнча долбоорлор, ал эми күзүндө болсо жазгы осумдуктор боюнча долбоорлор кабыл алынат.  

 

СЭП долбоордун партнерлору

Ар кандай уюмдар менен бирге иштеп жатканда ар кандай ыкмалар (окутуу жана жетектоо, билим менен алмашуу, бизнести өнүктүрүү) жана турдуу маалымат булактары (консультация/кеңеш беру кызматы, өзуно жардам беруучу топтор, дыйкандар организациялары, СМИ ж. б.). Азыркы маалда СЭП 6 партнер уюмдар менен иштейт: эки консультациялык/кеңеш беруу кызматы (СКС Джалал-Абад жана СКС Баткен), социалдык мобилизация боюнча иштеген бир коомдук фонд (Мехр Шавкат), эки окутуу мекемелери (TES-центр, Таян), жана бир суу пайдалануучулардын Ассоциациясы (Жаны-Арыктагы СПА, Ош областынын Карасу районундагы). Окутуу, консультация жана инновация Борбору (ЦОКИ) (Бишкек жана Ош) Кыргыз Илим-изилдөө ирригация институту (КНИИ), Кыргызстандагы университеттер, жана башка долбоорлор (мисалы, Швейцария башкармасынын өнүктүрүү жана кошо иштешуу (ШУРС)  болуму колдоп жаткан сууну онумдуулугун жакшыртуу жана дыйкандардын талааларынын денгелинде иштеп келе жаткан Долбоору) менен бирге иштеп тыгыз мамиледе партнердук уюмдарга колдоо корсотуп жатат. Акырында партнер уюмдар фермерлердин талааларына барып окутушат жана кеңеш беришет.

Башталгыч/Пилоттук фаза, жайгашкан жери, мөөнөтү, жана долбоорду кадрлар менен камсыз кылуу

Бүгүнкү күндө азыркы долбоордун башталгыч фазасы ишке ашырылып жатат, жана анын мөөнөтү 2009 жылдын январь айынан баштап декабрь айына чейин созулат. Долбоор Кыргызстандын түштүгүндө ишке ашып (Жалалабат, Ош жана Баткен областарында). Ушул жылдан алынган жыйнтыктардын негизинде, өлкөнүн башка региондорунда долбоордун иштерин кеңейтүү  аркылуу долбоордун биринчи негизги фазасы пландаштырылат, жана ошондой эле жаңы темалар кошулат, мисалы чек ара зоналарында болуп жаткан ызычууларды алдын ала чечуу боюнча тема. Долбоорду башкаруу иштерин Жалалабатта жайгашкан долборду Ишке ашыруу бөлүгү алып барат. Долбоор бирге иштөөчүлүк партнерлор менен тыгыз мамиледе ишке ашырылат.  

 

СЭП долбоор жөнүндө кыскача маалымат

Фаза:

Башталгыч/Пилоттук фаза, 2009 жылдын январь айынан баштап декабрь айына чейин

 

Географиялык кучак:

Кыргызстандагы Ош, Баткен, Жалалабат областары

 

Донорлор:

Эл аралык Бирге иштоочулук Хельветас Швейцария Ассоциациясы

Иш жүзүнө ашыручу уюм

Хельветас Кыргызстан

Бенефициарлар:

Туштук Кыргызстандын Дыйкандары

Суу Пайдалануучулардын Ассоциациясы

Жергиликтүү Партнер Уюмдардын кызматташтары

 

 

Биз менен кантип байланышса болот:

 

СЭП долбоору

Жамашова кочосу, 14 Б

Жалал-Абад ш.

Кыргызстан

Тел. Факс: ++996 3722 55279 или 55223

Эл. почта: lydia.pluess@helvetas.kg

Эл. почта: water@helvetas.kg

 

Хельветас

Гражданская кочосу, 43/1

Бишкек ш.

Тел.: +996  (312) 36 06 72, 36 06 74

Факс: +996 (312) 36 06 73

Эл. почта: program@helvetas.kg

басма версиясы
© 2010 Хельветас Кыргызстан